Среда, Сентября 20, 2017

Кыргыз филологиясы факультетинин 1-курс студенттери "Алтын уя” балдар үйүнө барышты

2016-жылдын 10-февраль күнү кыргыз филологиясы факультетинин КТАОМ-1-16 группасынын студенттери “Алтын уя” балдар үйүнө барышып, бөбөктөргө белектерин тапшырышты. Айрым студенттер өздөрү ырдап, балдарды да ырдатышты.

Окуу тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыкадырова Гулзада тарабынан уюштурулган кайрымдуулук ишине декандын орун басары Жаңыбаева Майрам жана башка окутуучулар да катышып, бөбөктөргө өздөрүнүн каалоо тилектерин айтышты. Балдар үйүнүн тарбиячылары өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришти. 

Белгилей кетсек, “Алтын уя” балдар үйүндө жалпысынан 80 бала тарбияланып, 1-класстан 8-класска чейин кыргыз тилинде билим алышат, 6 тарбиячы иштейт.

01

02

04

05

06

10

Токтакунова Медина -_факультеттин_2-курс студенти