Воскресенье, Июля 23, 2017

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча боюнча проректор

Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович)

филология илимдеринин доктору, профессор

Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги

01

Садык Алахан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Миялы кыштагында туулган. Алыскы тоо койнундагы бул айылдын бийик дөбөлөрүндө өзгөчө бир жыты бар мия чөптөр өтө жыш өсөр эле. Ушундан улам тоо койнундагы бул кыштакты Миялы (мия+луу, миясы көп) деп атап коюшса керек.

Кичинекей Садык_жетиге караган жылы ата-энеси Эшме деген ылдыйкы айылга көчүп келишип, ал “А” деген арипти ушул айылдагы “Кызыл-Гайрат” сегиз жылдык мектебинен тааныган. Бирок, жаз чыгып үчүнчү чейрек аяктап калганда кайра киндик каны тамган Миялы кыштагына көчүп келишип, жаш бала окуусун “Миялы” сегиз жылдык мектебинде улантат. Кийинчерээк ата-энеси аны райондун борборундагы Кычан Жакыпов атындагы атактуу Кара-Суу мектеп-интернатына беришет.

Садык Алахан алгач азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) филология факультетинен окуду. Окууну эң жакшы бүткөн жаш жигитти университеттин жетекчилиги (ректор, академик К.О.Оторбаев) окуу жайдын өзүндө алып калышат. Ал кезде жаш адистердин окууну бүтүп эле республикадагы жападан жалгыз университетте_калып эмгек жолун баштоосу өтө сейрек көрүнүш_эле.

Бир аз убакыттан соң Садык Алахан Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунда адабияттаануу жана адабий көркөм сын боюнча да бөлүм ачылганын угуп, Кыргызстан жазуучулар Союзунун жолдомосу менен (себеби, Адабият институтуна тапшыруунун эрежеси ушундай болгон) басма сөз беттеринде жарыяланып, авторун жаш сынчы катары окурман журтка тааныта баштаган макалаларын конкурска жиберет да, сынактан өткөн соң акын-жазуучулардын көптөгөн муунун тарбиялаган атактуу Адабият институтунан окуп келет. Москвадан келген соң Республикабыздын жазуучулар Союзунун сын секциясын жетектөө менен катар Эшеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин адабият кафедрасында окутуучу_болуп иштей баштайт. Андан соң Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетке кайрадан которулуп, ошондон азыркы күнгө чейин ушул жерде алгач доценттин милдетин аткаруучу, 2008-жылдан тартып доцент (кандидаттык диссертациясын коргобой туруп илимий-педагогикалык эмгектеринин негизинде “доцент” окумуштуулук наамын алган эң биринчи адабиятчы), 2013-жылдан бери профессор, 2017-жылдын январынан тартып аталган университеттин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору болуп иштеп келүүдө. 2011-жылы “Кыргыз поэзиясындагы коллективдештирүү темасы өткөндөгү жана бүгүнкү күндүн көз карашынан (Аалы Токомбаевдин “Өз көзүм менен” поэмасынын мисалында)” деген темада кандидаттык диссертациясын, 2014-жылы “Унутулган жазгыч акындардын чыгармачылыгы (тематика, жанр, поэтика)” деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Адабият айдыңына келген мезгилден бери Садык Алахан_адабий сын жана адабияттаануу багытында жазылган эки жүз элүүдөн ашуун макалалардын, ЖОЖдор үчүн жазылган эки окуу куралы менен үч типтүү окуу программасынын жана төмөндөгү тогуз китептин_автору:

  • «Токомбаевдин ыры - Акаевдин сыры («Өз көзүм менен» поэмасы кыргыз айыл чарба реформасынын күзгүсү катары)» (1-басылышы - 1999, 2-басылышы - 2000)

  • «Узакбай Абдукаимов жана «Майдан» талкуусу» (1-басылышы - 2000, 2-басылышы - 2009)

  • «Беш молдо (Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо_Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Багыш)» (2004)

  • «Унутулган адабият» (1-том, 2006)

  • «Адабият айдыңын аралап…» (2006)

  • “Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери” (2013)

  • “Унутулган жазгыч акындардын чыгармачылыгы (тематика, жанр, поэтика)” (2013)

  • “Азыркынын коңурбайлары” (2014)

  • “Адабият - аруу дүйнө” (2015).

Аталыштарынан эле байкалып тургандай, бул китептер менен монографияларда улуттук адабиятыбыздын тээ байыркы мезгилинен тартып азыркы күнгө чейинки үлгүлөрү сөзгө алынып, ар тараптуу талдоолор жүргүзүлгөн. Адилдик үчүн айта кетчү бир нерсе - окумуштуунун китептери ар качан адабиятчылар арасында зор кызыгууну пайда кылып келет. Мунун айкын мисалы катары Садык Алахандын китептерине чоң адабиятчылардын, белгилүү окумуштуулардын катышуусу менен атайын өткөрүлгөн талкууларды жана ал талкуулардын материалдарынын массалык-маалымат каражаттары аркылуу кенири жарыялангандыгын көрсөтүп кетсек болот.

Окумуштуу-адабиятчынын айрым эмгектери Казакстанда, Орусияда, Иранда, Кытайда жарык көргөн.

Ал эми “Жунго кыргыздары: маданияты, адабияты”, “Улуу Үркүн жана улуттук адабият” деген көлөмдүү монографиялары жарык көрүүнүн алдында турат.

Садык Алахан «Сорос-Кыргызстан» Фондунун (1994), ПРООНдун (1996), АКСЕЛСтин (2002) абройлуу конкурстарынын жеңүүчүсү.

Белгилүү адабиятчы-илимпоз, тажрыйбалуу педагог Садык Алахан азыр нукура баралына келип, дагы да мыкты эмгектердин үстүндө иштеп жаткан учуру.