Суббота, Февраля 25, 2017

Студенттер, "Көк кит", "Тынч үй" ж.б.у.с. оюндардан алыс болгула!

00

2017-жылдын 4-февралында Ленин РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектору Токтомбетова Венера "Көк кит", "Тынч үй" ж.б.у.с. компьютердик оюндардын тийгизген терс таасирлери тууралуу педагогика факультетинин студенттерине жана окутуучу-профессорлоруна айтып берди.

Жыйында кураторлор менен жалпы окутуучулардын студенттер менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгы жөнүндө сөз болду.

Факультет деканы Рахат Сулайманова, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Самат Жолочиев жана факультеттин бириккен профбюросунун төрагасы Мирбек Шарабидинов тарабынан уюштурулган бул иш чаранын соңунда факультеттин активист студенттери тарбиялык маанидеги «Аял затынын бактылуулугу» деген темада тренинг өтүштү.

Самат Жолочиев - тарбия иштери боюнча декандын орун басары