Среда, Сентября 20, 2017

КУУнун студенттери Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барышты

002017-жылдын 1-февралында Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин кызматкерлери_Нуралиева Гульназ, Аспалиева Индира жана КУУнун коомчулук менен байланыштар боюнча координатору Байысов Болот баштаган Улуттук университеттин студенттери Сокулуктагы_мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна барышты.

КУУнун жамааты аталган борборго тамак-аш, кийим-кече алып барып,_чакан концерт тартуулап, кызыктуу оюндарды ойнотуп, кароосуз калган балдардын көңүлдөрүн бир аз болсо да көтөрүп кайтты.

press knu 2017