Вторник, Февраля 21, 2017

Физика жана электроника факультетинде Жаңы жылдык кече өткөрүлдү

2016-жылы 27-декабрь күнү 6-окуу имаратынын 5-дарсканасында “Физика жана электроника” факультети тарабынан жаңы жылдык кече өткөрүлдү. Жаңы жылды тосуу аземинин бул жолкусу мурункулардан бир топ айырмаланды, т.а. жөн гана студенттер тарабынан номерлер аткарылбастан, “Кош жылдыз” аттуу таймаш кеченин негизги бөлүгүн түздү.

Таймаштын аты айтып тургандай эле, бир мугалим, бир студент жуп болуп, оюнга катышышты. Алар үй тапшырма, ыр жана бий деген номерлери менен эл алдына чыгып, эстен кеткис жагымдуу маанай тартуулай алышты. Кош жылдыздын катышуучулары: Азимбаев Таалай жана Закирова Кадия, Асанбекова Дамира жана Макенов Айткул, Турдумамбетов Максат жана Карыбекова Айзада болушту.

Кечени факультет деканы Жусупкелдиев Шаршен ачып, ал жамаатты келе жаткан жыңы жыл менен куттуктады. Андан ары студенттердин ыр, бийлери жана юмордук номерлери башталды. Аяз ата, Аяз кыз дагы атайын дайындалып, өз өнөрлөрүн тартуулаган студенттерге жана мугалимдерге таттууларды таратып жүрүштү. “Кош жылдыз” сынагы биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыктан, бир чети бардыгы жакшы даярдык менен келгендиктен алардын жеңүүчүсүн табуу дагы кыйынга туруп, калыстар тарабынан бардыгы бирдей жеңишке татыктуу деген жыйынтык чыгарылды. Кеченин аягында бул иш чараны уюштурган тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакирова Элизат эжеге, студенттер советинин мүчөлөрүнөжана студенттерге окутуучулар тарабынан ыраазычылыктар айтылды.

Бул майрамдык маанай жалпы жамаатка жакты. Себеби, ар бир катышуучу чыккан сайын шатыра шатман колдор чабылып, дарскана ичи шаңга бөлөндү.

01

02

03

04

Бакирова Элизат, Боскеева Гүлбарчын, Калилов Айдар