Четверг, Октября 19, 2017

Жаңыдан шайланган декандарга күбөлүктөр тапшырылды ( + видео)

00

2017-жылдын 30-январында башкы имараттагы чоң жыйындар залында факультеттердин жаңыдан шайланган декандарына күбөлүк тапшыруу аземи болуп өттү. КУУнун ректору профессор Чынара Адамкулова келерки 5 жылда Улуттук университеттин факультеттерин жетектей турган инсандарга декандын күбөлүгүн тапшырып жатып, төмөндөгүлөргө токтолду:

- Урматтуу кесиптештер, бүгүн биз үчүн аябай кубанычтуу күн._Жаңыдан шайланган бардык декандарды чын жүрөктөн куттуктап, аларга ийгилик, чоң жетишкендиктерди каалайм. Биздин университеттин алдында чоң жумуштар турат. Бирге иштесек, баарын жеңебиз деп терең ишенемин!

Уюштуруу комитетинин төрагасы, окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев_жыйындын катышуучуларын шайлоонун уюштурулушу, жүрүшү жана жыйынтыгы менен тааныштырды.

Шайлоодо жеңип чыккан инсандарды факультеттердин декандык кызматына дайындоо жөнүндө буйрукту кадрлар бөлүмүнүн башчысы Маргарита Мусаева окуп, КУУнун ректору профессор Чынара Адамкулова аларга декандык күбөлүктөрдү тапшырды.

Улуттук университеттин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков 24-январда бөлуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен декандык кызматка келген инсандарды ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, эми алар жетектеген факультеттердин ишин ийгилик коштоп, КУУнун беделин, имиджин, көтөрүүгө чоң салым кошооруна тилектеш экендигин билдирди.

- Шайлоону уюштурууда ачык-айкындуулукту, бардык кандидаттарга бирдей шартты түзүп бергендиги үчүн КУУнун ректору профессор Чынара Адамкуловага ыраазычылык билдирем. Шайлоо жогорку деңгээлде, маданияттуу, кынтыксыз, адилеттүү жана уюшкандыкта өттү. Бул үчүн Уюштуруу комитетине да рахмат. Албетте, шайлоого активдүү катышкандыгы үчүн шайлоочуларга да терең ыраазычылык билдирем, - деди профкомдун төрагасы.

Кубанычбек Жумабеков сөзүнүн соңунда Улуттук университеттин жамаатын КУУнун кадыр-баркын көтөрүүгө, окутуунун сапатын жогорулатууга, студенттердин мындан ары саны менен сапаты өсүп, кызматкерлердин айлык маянасын көбөйтүүгө алып келе турган ынтымакка, биримдикке, кесипкөйлүккө жана биргелешип иш алып барууга чакырды.

Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин декандыгына дайындалган Рысбүбү Бейбутова жаңыдан декандык кызматка шайланып, бекитилген кесиптештерин жеңиши менен кызуу куттуктап, төмөндөгүлөргө токтолду:

- XXI-кылымда эски көйгөйлөргө жаңыча көз караш менен карап, жаңыча мамиле кылып, ынтымак-ырашкерликте, бири-бирибизди түшүнүп, колдоп, түз жолго барабыз деп ишенем. Университетте болуп өткөн окуяларга келечекте башкача баа берилет. Азырынча, баарыбыз, мүмкүн, эмоцияга берилип, өзүбүздү кичине башкачараак алып бардык деп ойлойм._

Жыйын аяктаган соң, КУУнун жетекчилери жаңыдан дайындалган декандарды жумуш ордуна алып барып, кызмат ордуна отургузуп, факультеттердин жамааты менен тааныштырышты.

Күбөлүк тапшыруу аземинен видео-репортаж

(Эгер видео-материалды көрүү учурунда_"Error #2035"_деген билдирүү чыкса, анда бул ката сиздин браузердин (мисалы,_Mozilla Firefox)_"Adobe Flash Player" деген плагини (программасы) менен байланышкан. Бул учурда башка браузерди ачып (мисалы, Google Chrome), видеону көрө берсеңиз болот.)



Get the Flash Player to see this player.

time2online Joomla Extensions: Simple Video Flash Player Module

press knu 2017

Материалы по теме:

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар - Новости структур КНУ

Баннер

Главное меню

Пресс меню

От администратора

Баннер
Баннер

Популярные материалы

Наши партнеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1348 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Вопросы студентов

  • Асель 10.10.2017 18:51
    Добрый день! Сколько времени займёт восстановить зачетную книжку? Что нужно для этого? И куда ...

    Подробнее...

     
  • Аксель 10.10.2017 18:26
    Добрый день. Меня отчислили за академическую задолженность в 2013 году "юриспруденция" 6-курс, заочного ...

    Подробнее...

     
  • Эламан 10.10.2017 11:53
    Саламатсызбы? учурда ЫМУда окуйм 1курс 1курсту буткондо Ж.БАЛАСАГЫН ат. КНУга Которулсам болобу тарых ...

    Подробнее...

     
  • Учебный отдел 09.10.2017 09:58
    1. На курс выше могут посадить,если в случае с очного отделения на заочное переводятся.И то если ...

    Подробнее...

     
  • Учебный отдел 09.10.2017 09:55
    Доброе утро,Нурай! С первого и последнего курса не переводятся

    Подробнее...

     
  • Almaz 09.10.2017 09:32
    Здравствуйте, напишите пож-та когда на портале ДОТ закинут учебные материалы?

    Подробнее...

Вопросы абитуриентов

  • Урмат 18.10.2017 20:50
    где уточнить логин и пароль для дистационного обучения?

    Подробнее...

     
  • Алена 18.10.2017 20:05
    Здравствуйте. Могу ли я после бакалавриата поступить на второе высшее?

    Подробнее...

     
  • Nadira 16.10.2017 21:36
    Добрый вечер. У меня к вам такой вопрос. Есть ли такие факультеты где студент может учиться по обмену?) ...

    Подробнее...

     
  • Алена 14.10.2017 18:01
    Здравствуйте. Я поступила на религиоведа, могу ли я после бакалавра поступить на магистратуру ...

    Подробнее...

     
  • Anvarov 11.10.2017 11:00
    Когда я поступала, в приемной комиссии мне сказали, что есть дистанционная форма обучения, я выбрала ...

    Подробнее...

Вопросы выпускников

  • Айжан 16.10.2017 23:19
    Здравствуйте! Я учусь на 1-курсе ККФ. Хочу перевестись в другой факультет. Возможно ли это ?

    Подробнее...

     
  • Aiperi 16.10.2017 19:45
    Здравствуйте, я окончила ФИЯ в 2016 году на бюджете. Отрабатываю второй год в школе. Хотела узнать ...

    Подробнее...

     
  • the wind-up bird 10.10.2017 14:46
    Добрый день! В этом году заканчиваю учебу бакалавриата по специальности "финансы и кредит". Есть ...

    Подробнее...

     
  • Эльдар 06.10.2017 13:15
    1. В каком году внедрено обучение в магистратуре? 2. Возможно ли было обучение в магистратуре по ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 20.09.2017 11:56
    В отношении Вашего вопроса Вы можете обратиться в плановый отдел университета, там вам просчитают ...

    Подробнее...

Вопросы и предложения

  • Kasym 17.10.2017 11:52
    Поздравляем всех с началом учебного года! Хотел бы также поздравить с грядущими выборами, однако… Что ...

    Подробнее...

     
  • Алан 10.10.2017 03:51
    Уважаемый ректор, пожалуйста обратите внимание на 6-ой корпус, а в частности на температуру в аудиториях ...

    Подробнее...

     
  • Преподаватель 23.09.2017 14:57
    Урматтуу ректор Садыков К.Ж. жана проректор Аманалиев У.О. Инфак дагы канчага чейин 2 сменада окуп ...

    Подробнее...

     
  • Tumar 23.09.2017 11:10
    Уважаемая Руководство, Конечно, очень большое дело - ввод в эксплуатацию Столовых в учебных и ...

    Подробнее...

     
  • Айжан 11.07.2017 15:05
    11-жатакананын ысык суусу 22-майда очурулгон ошол бойдон жок.Качан ысык суу берилет.

    Подробнее...