Вторник, Марта 28, 2017

Кыргыз филологиясы факультети “Жаңы жылым кут болсун!” аттуу майрамдык кече өткөрдү

2016-жылдын 23-декабрь күнү башкы окуу имаратындагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультети “Жаңы жылым кут болсун!” аттуу майрамдык кече өткөрдү.

Факультеттин студенттери менен окутуучуларын келе жаткан Жаңы жыл менен окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев, декандын орун басары Майрам Жаңыбаева, доцент Жайлообаев Бакыт, жаштар комитетинин координатору Нурсултан Амангелди уулу куттуктап, иштерине ийгилик каалашты. Окууда мыкты жетишкендиктерге ээ болгон, активдүү студенттер грамота менен сыйланды.

Факультеттин жаштар уюму тарабынан даярдалган кечеде салтанаттын ажары болгон Аяз ата менен Аяз кызын чакырылып, майрамдык кече студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен улантылды. Концертте комуз, гитаранын коштоосунда обондуу ырлар ырдалып, бий бийленип, тамашалар аткарылып, оюн зооктор тартууланды. .

Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты КУУнун жалпы окутуучулар жамааты менен студенттерин жаңы - 2017 - жыл менен  куттуктап, аларга чың ден-соолук, узун өмүр, иштерине, окууларына албан-албан ийгиликтерди каалайт.

Жаңы жыл ынтымак, ырыскы жана тынчтык алып келген жылдардан болсун!

Материалды даярдаган:

altТоктакунова Медина -

кыргыз филологиясы

факультетинин

2-курс студенти