Вторник, Августа 22, 2017

ККФ жамааты “Боорукер жүрөк” кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

2016-жылдын 26-декабрында Кыргыз-кытай факультетинин "Кытай тили жана маданият аралык байланыш", "Котормо жана котормо таануунун теориясы жана практикасы" жана "Кытай таануу" кафедраларынын студенттери жана мугалимдер жамааты “Боорукер жүрөк” кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.

Иш-чаранын алкагында студенттер тамак-аш, кийим-кече, окуу куралдары жана башка керектүү буюмдарды чогултуп, Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө тарбияланган балдарга Жаңы жылдык белек катары тапшырып келишти.

Уюштуруучулардын айтымында, бул акция мындан ары да жыл сайын өткөрүлө бермекчи.

press knu 2016 00