Воскресенье, Апреля 30, 2017

СГИФте ааламдын акылман сүрөткери Ч. Айтматовдун бейнесине арналган кече өткөрүлдү

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде клиникалык психология багытынын студенттери менен кыргыз тил кафедрасынын мугалими, доцент Айгул Жаманкулова тарабынан уюштурулган залкар жазуучу, ааламдын акылман сүрөткери Чынгыз Айтматовдун бейнесине арналган салтанаттуу кече өттү.

Кечеде жазуучунун чыгармачылыгындагы баалуу табылгалар боюнча докладдар жасалып, чыгармаларынан көрөм окулуп, обондуу ырлар аткарылып, сахналык көрүнүштөр коюлду.

Иш-чараны уюштуруунун максаты – ааламга аты кеткен Айтматовдун дүйнөсүнө дагы бир жолу назар таштап, студенттер менен бирге даңазалоо болду.

IMG-20161217-WA0000

IMG-20161217-WA0001

IMG-20161217-WA0002

IMG-20161217-WA0003

IMG-20161217-WA0004

IMG-20161217-WA0005

Батма Кошбакова – илимий иштер боюнча декандын орун басары