Четверг, Декабря 14, 2017

"Агама", Мустафа уулу Алтынбек (биофак, 5-курс)

altМустафа уулу

Алтынбек

 

Биология факультетинин

5-курс студенти

 

 

Агама

(агам, Мустафаев Акылбекке арналат)

 

Бирөөнүн бактысына көз артпаган,

Бирөөгө бир ооз чеки сөз айтпаган.

Билинбей жашап өттү бул дүйнөдөн,

Бактысына, тилегине жетпей калган.

 

Бирөөнүн байлыгына суктанбаган,

Бейчеки ачуу суудан ууртабан.

Бергенин жараткандын топук кылып,

Бешене тери менен ак жашаган.

 

Мүнөзү токтоо эле, коңур эле,

Митаамдыкты билбеген момун эле.

Эрикпей өз ишин так аткарган,

Эрмеги музыка угуп, көп уктаган.

 

Жонуна кара көйнөгүн кийип алып,

Жайында “охрана” - деген жумушуна барып.

Таттуу уйкусун бузуп, акча табамын деп,

Таң эрте жүрүп кетти, сапар алып.

 

Сүйгөнү барбы, жокпу билбейм - анык,

“Жеңем барбы? ” - деп сурасам, жылмайып.

Жакында жеңелүү кыларында,

Желмогуз ажал, жулуп кетти муңга салып.

 

Жыл сайын эстеймин мен агамды,

Жылыга кетпейт эстен карааны.

Жолун карап күтө беремин - мен,

Жылмайып бир күнү келер бекен.

 

Ата – энем

 

Бала кезде колунду кармап талпынып,

Басчу элем, анча–мынча чалынып.

Кыйкырып ыйлачумун көчөдөн,

Байкабай жер кучактап жыгылып.

 

Тургузуп “ыйлаба балам” – деген,

Сөздөрүң унуталбай эсимден.

Кучактап мени таптап уктатып,

Койчу элең өөп коюп бетимден.

 

Апаке, сен бар үчүн бактылуумун өмүрдө,

Мээрим көлү мелтирейт, жалгыз сениң көзүңдө.

Биз бар кезде бактылуу өмүр сүрүп,

Жаша апа! Сен эч качан өксүбө.

 

Жаш бала элем, кадырынды билбегем,

Кечир апа канча ката кетирсем.

Көлөкөң болуп өмүр сүрөйүн,

Бассаң–турсаң, эч жанындан кетпеген.

 

Ата–энем алтыным менин,

Алсырап мени өстүрдүңөр.

Айтып бүткүс асылым менин,

Алпештеп мени өстүрдүңөр.

 

Алтын апам, асылым атам чырагым,

Айдан–айга чачты ак басканын.

Көрүп алып жүрөгүм бир эзилет,

Кара чачтын ак түскө боёлуп бара жатканын.

 

Себеби мен болсом керек сыягы,

Сезбей аны жүргөнүмдү карачы.

Сезимде ооруп турат жүрөгүм,

Сөзсүз мен аткарамын ата–энемдин кыялын.

 

Кош бол доске

(досум, Турсунбек уулу Акылбекке арналат)

 

Айлар өттү, жылдар өттү арадан,

Жолукпайбыз биз эми эч качан.

Кош эми, кош болгунун жан досум,

Ажырадык, шум ажалдын айынан.

 

Сагынганда сүрөттөрүң караймын,

Убакыт келсе, бүт баарынан тажаймын.

А бирок, бүт баарынан тажасам да,

Сага деген ыр жазуудан тажабаймын.

 

Ортобузда жашай берет достук сезим,

Өзүңсүз жалгызсырап калган кезим.

Бирок кантем, турмуш башка, шарт башка,

Ыйык тутам, баардык достук сезимдериң.

 

Билдирүү кошуу - Добавить комментарий

Билдирүүлөрдү сайтка катталбай эле калтырууга болот. Бул учурда алар модератор тарабынан "адептүүлүккө" текшерилип, анан жарыяланат.
Сообщения можно оставлять без регистрации на сайте. Они будут опубликованы после проверки модератором на цензурность.


Защитный код
Кодду жаңылоо - Обновить код