Среда, Апреля 26, 2017

Таалайбек Иманкожоев: "Эгемендүүлүктүн эки он жылдыгындагы «бейиш төрүнүн» качкындары"

alt

 Иманкожоев Таалайбек Асанович – Ж.Баласагын атындагы КУУнун философия кафедрасынын доценти

Эгемендүүлүктүн эки он жылдыгындагы «бейиш төрүнүн» качкындары.

7-апрель – Элдик революция, улуу бурулуш, улуу демилге

 

XXIкылымга өтүүдө колониализмдин акыркы чеги болгон СССРдин талкаланышы менен көп элдер, ошонун ичинде кыргыздар да көз карандылыктан кутулушту, кандай да болбосун өздөрүнүн мамлекетгүүлүгүн түзүштү. Улуттук мамлекеттүүлүктүн түзүлүшү менен ошол мамлекетке өзүнүн улуттук атын берген титулдук улуттарга айрыкча көңүл бурулду. «Биз ким элек, ким болдук» деген суроо кызыккандыктан гана эмес, турмуштун талабына карата жошоонун күн тартибине коюлду. Бардык илимдер менен катар улуттук философияны окууну, изилдөөнү, үйрөнүүнү каалагандардын саны күн санап өсүүдө. Бул талапты жүзөгө ашырууда ЖОЖдордун, анын ичинен Кыргыз Улуттук университетинин ролу чоң.

Бул окуу жайында биринчилерден болуп «Кыргыз элинин тарыхынын философиясы» деген сабак окуу планына киргизилген. Мында академик Аскар Чукутаевич Какеевдин, философия илимдеринин доктору, профессор Асейин Измайлович Исмаиловдун, КР ИАнын Философия институтунун директору, КР ИАнын корр.-мүчөсү Осмон Асангулович Тогузаковдун жана учурда философия кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин доктору, профессор Абдимиталип Айтбаев агайларыбыздын эмгектери зор. Бүгүнкү күндө университетибиздин ректору, профессор Исамидинов Искендер Чоңмурунович менен илим боюнча проректору, математика илимдеринин доктору, профессор Каракеев Таалайбек Тултемировичтин жана да, тарых илимдеринин доктору, профессор Бектемир Жумабаевдин, философия факультетинин деканы, психология илимдеринин кандидаты, доцент Мырзабек Камчыбековдун кыргыз философиясына деген камкордугунун аркасында өткөн 2012–13-окуу жылы ичи Улуттук университетте бир катар эл аралык жана республикалык илимий-практикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Атап айтсак, Кыргыз Улуу каганатынын 1170 жылдыгы, ошондой эле кыргыз философиясы жана анын өнүгүү перспективалары аттуу республикалык илимий-практикалык конференция зор уюшкандыкта алып барылды.

Кыргыздар… Негизинен жакшы элбиз. Берешен, сыйкор, куулук-шумдуктарды көп биле бербейт, мактанчаак, сараң эмес. Эгерде эмгекке жакшы үйрөтсө, коомдук өндүрүштү жакшы уюштурса, кыйла иштерге жарачу калк. Биздин элдин жакшы жактары менен катар, менимче, начар жактары да бар, өз элиме наалат айтып, жамандагым келбейт. Максатым көрсөтүлгөн кемчиликтер жөнүндө ойлонсок, ошолордон арылсак деген ниет.

Элибиздин оңой менен козголбос жалкоолугу тууралуу аңыз кептер ал эмес икая-притчалардын да объектиси болуп келатканы эч кимге жашыруун эмес. Андагыга ылайык, тээ Жер каймактап турган заманда Алла Таала өзү жараткан пенделерине – адам баласына тиричилик кылчу аймактарын эртелеп таң азандан таратып баштаган имиш. Улам бир элдин, улуттун өкүлү келип, өз шыбагасына тийген аймакты алып жөнөп калышат. Казактарга кенен талаа, арабдарга суусуз чөл, орустартарга шалбаалуу кенен аймак тийип дегендей, ар бири өз шыбагаларын алып жатышат. Ач көздөрү үч-төрт жолу кезекке туруп, жердин ырыстуусун бүт талап кетишет. Акырында калган жалкоо чукча, эвенки, ненецтерге Түндүк уюлга жакын жерден орун тийип, алар да жөнөп калышат. Жердин баары таратылып бүтүп, эми эч ким калган жок го деп отурса, анан эле кыргызбай келе жатат дейт. «Уктап калыпмын, мага да жер бергин!» деп ал ыйламсырап, Алла Тааланын шаштысын кетирип баштайт. Жараткандын аргасы түгөнүп, ары карап ыйлап, бери карап күлүп: «Эми болбостур, өзүмө деп алып калган жер эле, берейин эми. Кереметтүү Ысык-Көлү, Сары-Челеги, Соң-Көлү, Арстанбабы, мөлтүр булактары менен асман тиреген Ала-Тоо жергеси өзүңө буюрган экен, ал эми!» деп, ушул бейиштин төрү болчу жерди кыргызга ыйгарыптыр.

Биздин ата-бабаларыбыз дайым көчмөнчүлүктө тоодо жашап келишкен. Мындай жашоо варварчылык (талоончулук) мезгилинде балким керек болгондур. Тоодо дыйканчылыкты өнүктүрө албайсың, анткен менен малга жакшы, жери оттуу, тоолор бороон-чапкындан коргоп турат. Душмандардан, жоодон да коргойт. Бийик жерден карасаң, тегеректи текши көрөсүң. Жогортон төмөн карай чабуул койгонго да жакшы. Кыргыздар атка минип, колуна куу ыргай союл алып чабуулга кирсе, кимди болсо дагы жеңгенге жарайт. Тоонун абасы салкын, суусу таза, ар кандай оору-сыркоодон да тез айыктырат.

Айрым атка минер саясатчыларыбыз мына ушул жомоктогудай бейиш төрүнүн баркына жетип, мамлекетибиздин гүлдөп өнүгүшүнө түз мамиледе болуп, талаптагыдай күтүп алуунун ордуна, бир көзү ойду, бир көзү тоону карап, улуу демилгелерди колдоону ойлоп да коюшпай каршы чыгып турушат. Кыргыз элинин тарыхында бийлик башында көбүнчөсү баарын өзү билген зөөкүрлөр, маңкурттар ээлик кылып, акыркы жыйырма жыл ичи учурда «бейиш төрүнүн качкындарынан» болгон экс-президенттер А.Акаев менен К.Бакиев жараткан система – үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп турду. Албетте, булар да элдин белгилүү бир бөлүгү, элдин кең пейилдигинен, айкөлдүгүнөн улам бийликке келип, акырында өз дайындарын таппай калышты. Эл буларды өз эс тутумунда сактап калып, буга окшогондор келечекте кокусунан болсо да бийликке келбеши үчүн жүзүкара беттерин ачып, жалпыга жарыя кылат. Эл жакынкы жана алыскы келечекте бийликке келчүлөрдү акыл-эстүүлүк менен баалап, жетектеп тургандар анын күчүн жана кубаттуулугун сезип, кутуруп кетишпесин, алдында эсеп-чот берип каларын эстерине алып, аны тарыхтын башкы булагы катары урматташсын деп, мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырат. Эл баарын көрүп турарын жана унутпай турганын эстешсин: аны бир жолу, а, балким, эки жолу алдаса болот, бирок дайыма, биротоло эч качан алдай албайт.

Алар бардыгын өз карамагына алуу үчүн бүткүл аракетин жумшашкан, кантсе да акыры мезгил өзү таразалайт: бийликтен четтетилип, кетүүгө аргасыз болушат. Эгемендүүлүк жана көз каран-дысыздык доорунда алар кыргыздын «бейиш төрүнүн качкындары» атагын алышты.

Кыргызбай өзүм билем зордукчулар бийлик жүргүзгөн айрыкча акыркы беш жылы ичинде болуп көрбөгөндөй «укмуштарды» жүзөгө ашырышты. Бул система бардыгын жасап жаткансыды, а чынында эч нерсени бүтүрбөдү. «Кайнаган ишмердүүлүк» негизинен сөз жүзүндө гана көрүнүп, дээрлик эч кандай кайтарымы болбогон: өлкө куру сөздүн сазына батып бараткан. Зомбулугу өзүнчө, К.Бакиев бийлиги эрксизден эч кандай пайдалуу аракет коэффициенти жок айланма алкакта тынымсыз чуркаган тыйын чычканды эске салды. Акыры чыдамы чегине жеткен көпчүлүк жалпы элдик күрөшкө көтөрүлүп, алгач А.Акаевдин, андан беш жыл өтүп-өтпөй К.Бакиевдин бийлигин алып түшүштү. А.Акаев тынч чыгып кетүүгө аргасыз болсо, ал эми К.Бакиев элге ок атып, токсонго чукул эр-азаматтын убалын мойнуна алып, элдин каргышына калды. Кандуу апрель окуясынын уландысы катары келчү Түштүктөгү июнь окуялары өзүнчө узак сөз.

Акаевдик жана бакиевдик бийликтин башкы жетишпегендиктери эмнеде? Ар кандай коом коомдук өндүрүштүн негизинде келип чыгат жана өнүгөт. Мамлекеттин эң бир ыйык милдети болуп бул өндүрүштү уюштуруу жана аны өнүктүрүү эсептелинет, мында ар бир жамаат эле эмес, ар бир адам зарыл коомдук-пайдалуу элемент катары аракетте болушу керек. Бул өнүгүүнүн адепки алиппеси, чындыгы жана жалпыга бирдей мыйзамы. Адам бул мыйзамды жүзөгө ашырып жатып, өз Мекенинин нукура атуулу катары чыгат. Коомдук өндүрүш канчалык туруктуу, жөнгө салынган болсо, коом, анын ар бир мүчөсү ошончолук жыргалчылыкка жетишет же тескерисинче. Муну мурдагы экс-президенттер жана алардын кемчонтой куйруктары түшүнө алышкан эмес, түшүнүүгө умтулуунун ордуна жеке өзүнүн баюусу, үй-бүлөлүк-туугандык байлыкты өндүрүү, топтоо менен алек болушту.

Коомдо бир дагы ашыкча нерсе болбошу керек. Акаев-Бакиев заманында ашыкча бийлик бутактары көп орун алган. Мисалы, президенттик администрация жана министрлер кабинети эмне менен алектенишкен. Президент менен премьер-министр бири-бирин кайталаган. Баарынын башкы дирижеру Акаев учурунда анын аялы, Бакиев учурунда эрке баласы Максим болгон, булар өлкөнүн президенттерин өздөрүнүн көлөкөсүнө, аргасыз элпек кулуна айландырышкан. Улуу кытай философу Конфуций императордун: «өлкөдө качан жыргалчылык болот?» – деген суроосуна «Качан үй-бүлөдө ата ата катары, эне эне катары, балдар балдар катары, ал эми өлкөдө президент президент катары, өкмөт өкмөт катары болгондо, жыргалчылык орнойт. Эгер орду жана ролу өзгөртүлсө, мына ошондо анык башаламандыкты, эч кандай макулдашпагандыкты күтө бер», – деп жооп берген. Ал эми президенттин премьер-министрлерин, скиперлерин мындай коёлу, жеке вице-премьерлери канча эле?.. Өздөрүнө кеңешчилерди консультанттарды, референттерди штатка алып алышкан. Эмне менен алектенишкенин бир кудай өзү билет: алар дээрлик эч нерсе кылышчу эмес, бирок жогорулатылган эмгек акыны үзгүлтүксүз жана убагында алып турушкан.

Турмуш небак далилдегендей, илимий-техникалык прогресс жадесе илимий-техникалык революциянын шарттарында да эгер илим бир тарапка, билим берүү системасы экинчи бир тарапка, күндөгү иш практикасы башка бир үчүнчү тарапка тартып турса, бир дагы тепкичке жогору көтөрүлө албайт. Илим, билим берүү жана иш практикасы ашкере саясатташуунун ордуна жарнакташып чогуу аракеттенишкенде гана прогресс алдыга ылдамдайт. СССРде алар бири-биринен ажырым өнүгүшкөн: идеология, билим берүү жана философия кандай болушу керектигин саясат аныктаган. Советтик, акаевдик, анан бакиевдик иш практикасынын трагедиясынын өзөгү да дал мына ушунда камтылган. Эгемендүүлүктүн жыйырма жылы ичинде туруктуу идеологиябыз болбогондугунан, айрыкча акыркы беш жыл аралыгында философиябызда, идеологиябызда, саясатыбызда, маданиятыбызда кызыл кулактык, чайкоочулук орун алып келди. Бүгүнкү президентибиз Алмазбек Атамбаевдин башкы, негизги артыкчылыгы, баарыбызга маалым болгондой, Манас рухун көтөрүү менен кыргыз элинин келечекке карай үмүт отун жандырып, туура багыт алгандыгында. Кыргызда: «Манас бар – кыргыз бар, кыргыз бар – Манас бар!» деп айтылат эмеспи, 2012-жылдын 27-январында Президенттин Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын – философемасын, философиясын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандыкты, атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө Кайрылуусу чыкты.

Америка улутунун атасы, даңктуу уулдарынын бири Авраам Линкольн түндүктүн түштүктүн үстүнөн болгон өтө кыйынчылыкка турган жеңишинен кийин согуштан чарчап-чаалыккан элдин алдына чыгып сүйлөшү керек эле. Анын Гитисбергдеги сөзү америка элинин үмүт отун жандырган жана аны прогресстин шыдыр жолуна багыт алдырган. Алыскы Америкадагыдай болуп бизде да түндүк жана түштүк көйгөйү бар. Бакиевдин өкүмзордук бийлигинин кандуу чеңгелинен Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариев сыяктуу көрүнүктүү эл баштаар инсандарыбызды 2010-жылдагы апрель революциясы сууруп чыкты. 2011-жылкы элдик шайлоодо жеңип чыккан президентибиз Алмазбек Атамбаев ошондо эле өлкөнү бакиевдик зомбулуктун сазынан сууруп чыга турганын жарыя айткан. Эл ага ишенди жана кыргыздын Авраам Линкольну Атамбаевге келечекке болгон бардык үмүтүн артып отурушат. Мында биз президентибизди бекеринен Линкольнго катар коюп отурган жокпуз. Америка элинин атасы Авраам Линкольн, түрк элинин даңазалуу уулу Кемал Ататүрк сыяктуу Алмазбек Атамбаевге да элине ак кызмат кылып, Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айландырып, чындап эл атасы, улут атасы болуу мүмкүнчүлүгү берилип, минтип эми улуу курулуштарга да жол ачылып отурат. Алсак, «Кемин-Датка» жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүү комплексинин курулушу, Кытайды Борбордук Азия, Европа менен түз байланыштыруучу темир жол курулушу кулач жайып, Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү комбинатынын ишке киргизилди. Нарын дарыясын бойлой ГЭСтердин тармагын, мунун ичинде Камбар-Ата–1 ГЭСин жана да Сары-Жаз ГЭСин куруу иштери башталды. Эгер ушул ойлогондор толук ишке аша турган болсо, Борбордук Азия, бүткүл Азия чөлкөмүнө электр энергиясын ири өлчөмдө экспорттоочу өлкөгө айланабыз. Боом капчыгайынын жолу бүткөрүлүүдө. Мындан тышкары, Ысык-Көлдү айланта евростандарттагы жол салуу менен бирге эле, Көлдү бойлой велотуризм жолун куруу өлкөбүзгө экотуризмди өнүктүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берер эле ж.б. Акырында айтарым, эми бир аз чымырканып, үч-төрт эле жыл ар кимибиз өз ордуларыбызда ичип-жебей, уурдабай, маңдай терибизди төгүп, ак эмгек өтөй алсак, элдин небактан берки күткөн үмүтү, кыял-тилеги ишке ашып, Борбордук Азиядагы эң бир үлгүлүү, эталон өлкөгө айланып калгыбыз да бардыр. Арийне, менин бул айтканым курулай, ишке ашкыс кыял эмес, Кыргызстанды 2013–2017-жылдарда өнүктүрүүнүн жаңыдан өрүш алган улуттук стратегиясы биздин божомолубузду толугу менен чындыкка айлантып отурат. Эмесе, келер күнгө ишеним артып, ал күндү жакындатууга биз да өз салымдарыбызды кошуу аракетинде бололу.

Акырында элиме кайрыларым, ар кандай булганыч саясый акцияларга аралашпайлы. Мына, күз да кирип келатат, айрым ою бузук саясатчылардын азгырыгына кирбей, жазы, жайы менен өстүргөнүбүздү коромжусуз жыйып алгандай бололу. Өзүбүз ишенип шайлаган президентибиз Алмазбек Атамбаевге жөлөк болуп берели. Ынтымакта болуп, белди бек бууп иштесек, кризистен толук чыгып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулчу күнүбүз да алыс эмес. Ооба, кыргыз элинин заманист улуу ойчулу Калыгул олуя айткан «кой үстүнө торгой жумурткалаган доордун» келерине да аз эле калды.

Билдирүү кошуу - Добавить комментарий

Билдирүүлөрдү сайтка катталбай эле калтырууга болот. Бул учурда алар модератор тарабынан "адептүүлүккө" текшерилип, анан жарыяланат.
Сообщения можно оставлять без регистрации на сайте. Они будут опубликованы после проверки модератором на цензурность.


Защитный код
Кодду жаңылоо - Обновить код