Воскресенье, Июля 23, 2017

"Абитуриент", Таалайбек кызы Жибек ( Биология факультети, 2 - курс, Б -1 - 09 )


Абитуриент


Жашоодо эки нерседен жаңылбаса,

Жалындап, жаман жолго багынбаса.

Ал нерсе кесип таңдоо, турмуш куруу,

Ал жагын кантет адам таңдай албаса.


Мен дагы ушундайга туш болдумбу,

Маң болуп, башым катыйт таңдоодон мен.

Мугалим болсоң жакшы деп айтышат,

Мен болсо тилчимин деп тилектенем.


Модельер деген алды бүт оюмду,

Мода да бурбай койбойт бүт көңүлүмдү,

Маралдай болгон жакшы көйнөк тигип,

Мекенине барсам деймин көйнөктөрдүн.


Франция чындыгында абдан кооз шаар,

Француздарга атайлап жаралгансып,

Барбасам өкүнүчтө калчудаймын,

Барам деп үмүтүмдү үзбөйм дайым.


Жана да бийчи болуп, ыр ырдасам,

Жаштыктын доорун сүрүп, мен жыргасам.

Жүрөгүм алып, учуп алыс жакка,

Жердеги жылдыз болуп күйүп жансам.


Сот болсом адилеттүү ачык айрым,

Сезбесем жамандыктын эч бир жагын.

Сызга отуруп, ыйлаган адамдарга,

Сездирсем бул жашоонун жакшы жагын.


Же акын болсом деймин Токтогулдай,

Жаманды, жакшыны да бирдей айткан.

Жаңылбай эч бир айткан сөздөрүмдөн,

Жазсам дейм ушунчалык укмуштуудай.

Акындык көңүлүмдү ээледиби?

Алаксып ар акындын ырларына.

А бирок акын эмесмин элжиреген,


***

Акырындап талпынамын ошол  жакка!

Адамсыңбы адам болгуң башынан,

Айбан болуп алсыраба жашыңдан.

Акыл кирип чоңойдуңбу эс тартып,

Ата-энеңди артык көргүң баарынан.

Бар байлыгың ата-энең, бир тууган,

Бактылуу бол, билим алып сен абдан

Бөтөн элден издебегиң акылдуу,

Болот  сага бир тууганың акылман.

Абайлап бас ар жерлерде капкан бар,

Ал капканды коюп койгон шайтандар.

Кокусунан түшүп калсаң бирөөнө,

Кайра чыккын калып калба түбүндө.

Бирди сүйлө, чындыкты айт чыркыраган,

Башыңды ийбе душманыңа эч качан!

Байлык деп жаман ишке умтулбагын,

Бек туткун намысыңды баарынан!

Билдирүү кошуу - Добавить комментарий

Билдирүүлөрдү сайтка катталбай эле калтырууга болот. Бул учурда алар модератор тарабынан "адептүүлүккө" текшерилип, анан жарыяланат.
Сообщения можно оставлять без регистрации на сайте. Они будут опубликованы после проверки модератором на цензурность.


Защитный код
Кодду жаңылоо - Обновить код