Понедельник, Декабря 18, 2017

Эмилбек уулу Айбек ( Физика жана электроника факультетинин бүтүрүүчүсү)


Келечектин булбулу


Биздин өмүр кандай жыргал жаркылдайт,

Бүгүнкүсүнөн эртеңкисинин баркын айт.

Бакка конуп келечектин булбулу,

Болор ишти бизге айтып шаңкылдайт.


Кенен жашоо, биздин өмүр жаркылдайт,

Көргөн күндүн алтындан да баркын айт.

Келе калып келечектин булбулу,

Кыргызымдын кылаар ишин шаңкылдайт.


Сага булбул кана кимдер теңелсин,

Келечекте канат кагып келерсиң

Көп адамга таттуу белек берсең да,

Мага берсең эки ыр сап берерсиң.


Алга


Келди бизге кандай жыргал замана,

Кана жаштар кубангыла күлгүлө

Моюн бербей чыдап-чыдап баарына

Ата-Мекен, жарыңарды сүйгүлө.

Келгилечи, келгилечи эй курдаштар.

Дайым алга, алга жылсын бул сапар.

Жардам берип, колдон тартып алалы,

Кур калбасын, артта чарчап калгандар.


Махабаттын гүлү


Махабаттын гүлү өссүн ар дайым,

Жылдыз болуп, нурга толсун маңдайың.

Таң эртеден махабаттын гүлүн терип,

Букет кылып, жолугууга камдайын.

 

Махабаттын гүлү сүйүү агымы,

Күндөн – күнгө күчөп баскан арымы.

Бакча сымал кооздук берип тоо ташка,

Гүлгө толсун дүнүйөнүн жарымы.


Махабаттын гүлү күнгө теңелип,

Көпкө өссүн токтолбосун ченелип.

Кыз жигитти кыял менен колтуктап,

Сүйсүн жүрөк былтыркыдан кеңелип.

Билдирүү кошуу - Добавить комментарий

Билдирүүлөрдү сайтка катталбай эле калтырууга болот. Бул учурда алар модератор тарабынан "адептүүлүккө" текшерилип, анан жарыяланат.
Сообщения можно оставлять без регистрации на сайте. Они будут опубликованы после проверки модератором на цензурность.


Защитный код
Кодду жаңылоо - Обновить код