Среда, Августа 12, 2020

Дарыгерлерге алкыш!

КУУнун студенттик бейтапканасынын дарыгерлери Гүлзада Оторова, Бүбүайым Мамутова, Назгүл Бакаева, Эркин Базарбаев, Шайыр Байтерекова жана Иманбек кызы Кызжибек COVİD-19 менен күрөшүүгө тартылган. Чынгыз Даминов жетектеген дарыгерлер чет өлкөдөн келген мекендештер жайгаштырылган “Ак-Кеме” мейманканасындагы обсервацияда күнү-түнү кызмат көрсөтүшүп, сырттан келген кыргызстандыктарда оору бар же жогун аныктап, 14 күндүк карантин учурунда алардын анализдерин текшерип турушту.

Өмүрлөрүн тобокелдикке салып, Гиппократтын антынан тайбай иштеп жаткан КУУнун студенттик бейтапканасынын дарыгерлерине терең ыраазычылык билдиребиз!

02

04

06

Замира МамбетоваКУУнун студенттик бейтапканасынын жетекчи-дарыгери