Среда, Августа 12, 2020

П.Кадырбекова: "Таажывирус балакет!"

Таажывирус  балакет!

--------------------------------------

Таажывирус  балакет!

Кытайда жөн жатпады.

Ухандан чыгып бул илдет,

Бүт дүйнөнү каптады.

.

“Жок!” бизде деген эч эле

Сүйүнүч көпкө болбоду.

Мекенибиз Кыргызстан

Вирустан четте калбады.

.

Күтпөгөн жерден бул илдет

Өлкөбүздө катталды.

Өкмөткө болуп чоң милдет,

Өзгөчө кырдаал башталды.

.

Ушундай оор кырдаалда

Тапты өкмөт туура  амалды:

Чет өлкөдөн келгендер

Карантинге камалды.

.

Ак халатчан дарыгер,

Ишенимди актасын.

Кытайдай көп эмеспиз,

Кыргызды кудай сактасын!

* * *

Март, 2019 жыл.

Памира Кадырбекова - 

чет тилдер факультетинин деканы

pk infak